Кыргызстанда Жол-кайгуул кызматынын коррупцияга каршы күрөшү "начар" деп бааланды

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын коррупцияга каршы планын ишке ашырууну канааттандырарлык эмес деп баалады. Муну бүгүн, 19-майда Коргоо кеңешинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, 16-майда кеңештин жумушчу тобу ушул жылдын 18-февралында кабыл алынган Жол- кайгуул кызматындагы коррупцияга каршы планын талкуулап, аны канааттандырарлык эмес деп тапты. Мындан улам кеңеш ички иштер министри Абдулда Суранчиевге жана Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаевге бул багытта планды ишке ашырууну жана бир айдан кийин кеңештин кезектеги отурумунда кароо үчүн иштин жыйынтыгын кайрадан көрсөтүү тапшырмасын берди.

Эгер бул багытта иш жанданбаса, Коргоо кеңеши аталган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча Коргоо кеңешине сунуш киргизүүгө акылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан