Асылбек Жээнбеков айнеги караңгылатылган унаадан баш тартканын айтты

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков айнеги караңгылатылган автоунаадан баш тартканын билдирди. “Негизи, менин айнеги караңгылатылган унаа менен жүрүүгө укугум бар. Бирок сындар көп айтылды эле, өзүмдүн унаамдан “тонировканы” алдырдым”,- деп билдирди төрага.

Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев төрага айнеги караңгылатылган унаада жүрүүгө укугу бар экенин белгиледи.

Жыйында депутаттар “айнеги караңгылатып жүрүүдөн баарын ажыраталы же баарына уруксат берели” дешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан