Оштогу өлтүрүлгөн милиция кызматкеринде жергиликтүү уюшкан кылмышкерлердин айыбын ачуучу далилдүү документтер болгон

11-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлгөн милиция кызматкеринде жергиликтүү уюшкан кылмышкерлердин айыбын ачуучу далилдүү документтер болгон. Мындай маалыматты окуяны изилдөөгө алган топ билдирди. Алардын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, маркум Толкунбек Шоноев өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин артынан түшүп, айыбын ачуучу далилдерди чогулткан. “Кылмыштын мотиви белгилүү, уюшкан кылмышкерлер боюнча маалымат бар”,- дейт Ош шаардык ИИББи. Изилдөөчү топ башка маалыматтар азырынча иштин кызыкчылыгы үчүн сыр катары сакталып, айтылбай турганын кошумчалады. Эске салсак, экинчи борбордо шаардан сыртка чыгуучу жолдор көзөмөлгө алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан