Ош шаарында белгилүү обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү белгиленди

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди. Эскерүүгө шаардык мэриянын өкүлдөрү, ЖКнын жана Ош шаардык кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана ырчынын жакындары, достору катышышты.

“200дөн ашуун ырдын автору Рыспай - жүз жылда бир жаралчу талант. Ал өз чыгармачыл жолунда кыргыз маданиятына баа жеткис мурас калтырды”,- деди Ош шаардык мэриясынын башкы адиси Курманбай Ташыбаев.

Чогулгандар ырчынын эстелигинин алдына гүл коюп, таазим кылышты. Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнүн урматына аталган филармонияда бүгүн концерт өтүп, ага Апаз Жайнаков, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев, Арзыбек Бедияров сыяктуу бир катар белгилүү ырчылар катышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zari-angel
2013-01-12 19:33:13
композитор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан