Өкмөттө Жол коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Өкмөттө 2-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Анда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары, анын ичинде 30-майда Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда 9 адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсык талкууланды.
Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди. "Ысык-Көл" биосфералык аймагына таандык Хундай автоунаасы Бишкекти көздөй жогорку ылдамдыкта келе жатып каршысынан чыккан унаа менен кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки айдоочу тең мас эмес, соо абалында болушкан. Каза болгон айдоочуларга айдоочулук күбөлүгү кайсы жылы берилгени боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына суроо-талап жиберилди",- деди Исаев.
Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан