"Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы - жалпыбыздын маданий кенчибиз",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Муну президент 4-июнда Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу салтанатында айтты.
Президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов бүткүл түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны болгондугун белгиледи. “Залкар жазуучунун чыгармачылыгы - жалпыбыздын маданий кенчибиз. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири. Көзү тирүү кезинде эле адабий классик деп аталган. Залкар жазуучунун чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен чыгарылган”,- деди Алмазбек Атамбаев.
"Түркияда Чыңгыз Айтматовду, анын чыгармачылыгын абдан жогору баалаарын жакшы билебиз. Көп шаарларда анын ысымы сейил бактарга, көчөлөргө, окуу жайларына ыйгарылган. Атактуу жазуучунун бардык чыгармалары түрк тилине которулган",- деди президент.
Мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматов таланты менен, өз эмгеги менен түрк ааламынын гана эмес, дүйнө элдеринин сүймөнчүгүнө ээ болгондугун белгиледи. “Жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк маданияттын мыкты шедеврлеринин катарына кошулуп, түрк дүйнөсүнүн жана жалпы адамзаттын кенчине айланып калды”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президент Кыргызстандын элинин атынан Түркия өкмөтүнө жана Анкара шаарынын жетекчилерине Чыңгыз Айтматовдун ысымын борбор шаардын проспектине ыйгаргандыгы жана улуу жазуучунун эстелигин орноткондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент боордош өлкөлөрдүн ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанисин белгиледи.
Салтанатка Түркия Республикасынын Вице-премьер-министри Эмруллах Ишлер, Анкара шаарынын мэри Мелих Гокчек, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы (ТҮРКСОЙ) Дюсен Касеинов жана Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуб Омероглу катышышты.