Ысык-Көл районунда аялды бычактаган 74 жаштагы карыя кармалып, камакка алынды

ИИМ Ысык-Көл районунда адам өмүрүнө кол салган жаран кармалганын кабарлады. Окуя боюнча: 18-январь күнү саат 23:00 чамасында аталган райондун 74 жаштагы тургуну мас абалында өзү жашаган айылдагы 40 жаштагы аялды бычактап салган. Бычак жеген аял оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Тергөөнүн алдын ала болжолуна караганда, кылмышка шектүү карыя аялды темир менен бир нече жолу уруп, андан соң моюнга бычак менен сайып салган. Учурда окуя боюнча бюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалды. Анын мурда дагы өз аялын өлтүргөндүгү үчүн 10 жылга соттолгондугу белгилүү болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан