Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул багытта депутаттар Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевден “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдогу түнкү унаа жарыштары эмнеге токтотулбай жатканын сурашты.
Талантбек Исаев: “Бир жактан куусак, экинчи жакка барып туруп алышууда. Биз ар бир көчөгө кызматкер коё албайбыз да. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө, аянтта да студенттер машиналарын чимирилтип айдап алып качып кетип жатышат. Ал жерлерге видеокөзөмөл орнотобуз”,- деп жооп берди.