“Акыркы 10 жылдагы климаттын өзгөрүшү глобалдуу көйгөйгө айланды. Бул көйгөй Кыргызстанга да таасир этүүдө, абанын температурасынын өсүү динамикасы күчөп жатат. Бул мөңгүлөрдүн эришине алып келүүдө. Акыркы жылдарда абанын температурасынын өсүшү 40 градусту түзүшү мүмкүн”,- деп билдирди парламент депутаты Талант Узакбаев. Муну депутат Бишкекте 23-сентябрда өтүп жаткан “Евробирлик менен Борбордук Азиянын климаттын өзгөрүшү жаатындагы илимий-технологиялык кызматташтыгы” аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Узакбаев климаттын өзгөрүшү өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө да зыянын тийгизип, калктын азык-түлүк коопсуздугу, таза суу менен камсыздоого да таасир этип жатканын айтты. Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшү дүйнө жүзүндө экологиялык көйгөйдөн социалдык-экономикалык көйгөйгө өтүп бара жатканын белгиледи. “Климаттын өзгөрүшү калктын жашоо-тиричилигине, айрыкча, калктын аярлуу катмарынын турмушуна да таасир этүүдө”,- дейт ал.