Депутат Кантемир Мурзабеков: "Талантбек Исаев башында турган МАИчилер мени мыйзамсыз токтотушту, эч кандай уят сөздөрдү колдонгон эмесмин"

ЖКнын депутаты Кантемир Мурзабеков интернет булактарына тараган видео тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына маалымат берди.

Белгилүү болгондой, депутат 20-октябрда жумушка кызматтык унаада бара жатканда Жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери токтотушкан. Эл өкүлү өзүнүн Жогорку Кеңештин депутаты экендигин тастыктаган күбөлүктү көрсөтүп, мыйзамга ылайык, МАИ кызматкерлери депутатты кармаганга укугу жоктугун айткан.

"Талантбек Исаев башчылыгында турган МАИ кызматкерлери мыйзамсыз токтотууну уюштурушуп, пикир келишпестик жагдайга алып келди. Болгон пикир келишпестикти видеотасмага тартып алышып, интернет булактарына жайылтышты.

Мен жакшы маанайда гана сүйлөшүүгө барууга аракет кылганымды жана эч кандай уят сөздөрдү колдонбогонумду расмий түрдө билдирем. Эгерде кандайдыр бир уят сөздөр мен тараптан колдонулганда, алар видеотасмада сөзсүз көрсөтүшмөк. Анткени алар тараптан видеотасма башынан баштап тартылган. Андан сырткары, “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатын кемсинтүү, жалган жалаа менен каралоо жана ага карата кандайдыр бир агрессиялык аракет кылгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик каралат",- дейт депутат.

Мындан сырткары депутат: "Буга чейин ЖККнын башчысы Талантбек Исаев менен ушундай кырдаал жаралгандыктан, мурдагы министр А.Суранчиевге кайрылууга мажбур болгом. Исаев ушул сыяктуу пикир келишпестик-араздашууларга жол берип, аларды оперативдик ылдамдыкта интернет барактарына жүктөп, өзүн жарнамалоого ашыгып, "жылдыз" оорусу менен ооруп калган сыяктуу",- дейт.

21-октябрда Жол-кайгуул кызматы депутаттын сөгүнүп, орой мамиле жасаганы боюнча Жогорку Кеңештин Этика комитетине арызданарын билдирген эле. Эл өкүлү бул маселенин тийиштүү комитетте каралышын күтүп, далилдерди көрсөтөрүн айтты.

Бул окуя МАИ кызматынын башчысы Талантбек Исаевге байланышкан биринчи чуу эмес. Быйыл 11-августта жол-кайгуул кызматкерлеринин унаа айдап бара жаткан 19 жаштагы кызды токтотушуп, Исаев баш болгон МАИчилер кызды себепсиз, күнөөсүн далилдебей туруп кемсинтишкени тартылган видео тараган.

Видеонун кызуу талкууга алынышына катардагы жол эрежесин бузуу фактысы эмес, аталган кызматтын башчысы Талантбек Исаевдин жаш кыз менен айтышып, колундагы телефонго окуяны тартып, кимдир бирөөлөргө айтам деп коркутуп, ачуулуу кыйкырып жатканы көбүрөөк себепчи болду көрүнөт. Ал рейдге Исаевдин чолок шым, кепка кийип чыкканы коомчулуктун кыжырын келтирген.

Видеодон Талантбек Исаевдин кыйкырып, кызды камаганга буйрук берип, "Бейбаштык" деп жазып, алып кеткиле", "15 суткага камагыла деп буйрук берем" дегенин көрүүгө болот. Окуя коомчулукта зор талкуу жаратып, муну "Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаевдин кезектеги пиар акциясы" дегендер да болду.

Буга чейин эле ошол учурда ички иштер министри болуп турган Абдулда Суранчиевдин Талантбек Исаевди сынга алып, "Исаев Жалал-Абадда караңгылатылган унааларды издеп жүрөт. Андан көрө жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштебейби. Унаалар менен кыздарды куубай, маанилүү иштерди жасабайбы..." дегени бар.

Жол-кайгуул кызматкерлери 19 жаштагы кызды кармап кетишти
Жогоку Кеңештин депутаты жол эрежесин бузду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан