Ички иштер министрлигине караштуу Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз билдиришти. Исаевдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганы айтылды. Ал эми анын ордуна Сергей Дьяченко дайындалыптыр. Талантбек Исаевдин өзү менен байланышсак, жооп берүүдөн баш тартты.
Исаевдин тушунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери катышкан окуялар байма-бай катталып, коомчулук талкууга алып жатты. Алардын катышуусунда интернетке бир нече видео тараган. МАИ кызматкери пара талап кылууга шектүү катары кармалган учурда талаа аралап качып кеткени коомчулукта зор талкуу жараткан. Ырчы Айгерим Расул кызы менен болгон окуяда МАИ кызматкери алгач арызданганы менен, жөндүү айып айта албай, ырчыга коюлган айыптар быйыл толугу менен алынганын Жол-кайгуул кызматы тараткан. Ал эми наристени чыркыратып ыйлаткан МАИчинин жоругу коомчулуктун талкуусунда калып, "бул жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери ишинде пайда болгон маселени маданияттуу жол менен чечүүгө акылы же кесиптик профессионалдуулугу жетишпеген көрүнөт" деп кыжыр кайнаткан учур да болду.
Талантбек Исаев жол кырсыктарынын көптүгү тууралуу сөз болгондо эле "айып пулду көтөрүү зарыл, унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат бербеш керек" деп кыйкырып жүрүп, акыры парламентте колдоого алынып, мыйзам ишке кирген. Терезеси караңгылатылган унаалар кылмыштуулукту азайтканга жардам берет дешкени менен, орган кызматкерлери "айнеги караңгылатылганы үчүн тааныбай же байкабай калып баланча кылмышкерди кармай албай калдык" деп чыгышкан эмес. "Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, айрым адамдардын тобуна ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет" деген ойду жаратканы бышык.
Жол эрежелерин бузгандар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзам күчүнө киргенден бери дээрлик үч ай өтсө да, өзгөрүү болгон жок. Айып пулду көтөрүү кырсыктарды азайтпастан, МАИчилердин ставкасын көз көрүнө жогорулатты. Буга Түп районундагы МАИ кызматкеринин айдоочудан 10 миң сом пара талап кылгандагы окуя далил боло алат. Кызматкерлердин айдоочулар менен соодалашканы МАИчилердин чыныгы жүзүн айгинелейт.