ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаевдин кызматынан бошотулганын өкмөт тастыктады. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Исаевдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганы айтылды.
Айта кетсек, Жол-кайгуул кызматынын башчысы иштен алынганын кечээ укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз билдирген эле.