Кылычбек Султанов 20-ноябрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал аталган кызматка келиши жана мындан ары аткара турган иштери тууралуу "АКИпресске" маек берди.
- Малайзиядагы элчилик кызматына эмнеликтен бир гана сиздин талапкерлигиңиз сунушталды?
- Бул кызматка бир гана менин талапкерлигим эмес, бир канча адам каралса керек деп ойлойм. Анткени 3 жыл аралыгында аталган кызмат орду бош турду. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, элчиликке талапкер тышкы иштер министри, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети, президент жана өкмөттүн макулдугу менен дайындалат, мамлекеттик коопсуздук боюнча органдарынын атайын текшерүүсү жүргүзүлөт.
- Башка мамлекеттердеги элчиликке талапкерлигиңиз каралдыбы?
- Бул боюнча маалыматым жок.
- Элчилик кызматында жумушту биринчи эмнеден баштайсыз?
- Биринчи кезекте биздин мамлекетти Малайзияга таанытуу аракетин көрөм. Биз өз мекенибизди жакшы көрүп, сыймыктанганыбыз менен, биздин мамлекет, анын экономикалык жактан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чет өлкөлүктөр көп биле бербейт. Эки өлкөнүн ММК өкүлдөрү үчүн таанып-билүү иш-чараларын уюштурууну ниет кылып жатам. Малайзиялык журналисттер үчүн да, биздин журналисттер үчүн да өзүбүздүн өлкөлөр тууралуу билүү, айтып берүү кызык болоруна ишенем. Өзбекстан менен Казакстандан айырмаланып, Кыргызстан-Малайзия түз авиакаттамы жок. Бул маселени чечүү эки тараптуу мамилени чыңдоого мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экономика жана маданият тармагындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөгө өбөлгө түзмөк.
- 2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри кызматынан кеткениңизде кандай кызматтарды сунуш кылышты?
- Өкмөттүн ошол учурдагы вице-премьер-министри Камила Талиева тарабынан социалдык блоктогу министрликтердин башчыларынын дарегине катуу сын айтылды. Мен анын сыны жөндүү эмес экенин айттым. Башка министрлер да макул эместигин билдирип иштешүүдөн баш тартып, отставкага арыз жазышат деп күткөм. Окуя ушундай нукта улана турган болсо, Талиеванын өзү кызматтан кетүүгө аргасыз болот деп болжогом. Бирок андай кадамга барган мен эле болдум. Ал эми Талиева социалдык блокту дээрлик бир жылдай жетектеп турду.
Өз арызым менен министрликтен кеткенден кийин мага маданият тармагында жана массалык маалымат каражаттарында жетектөөчү кызматтарды аркалоо сунуштары болгон. Бирок менин ишенимиме ээ болбой калган ошондогу өкмөт жетекчилери менен бир командада болуп, бирге иштей албасыма көзүм жеткендиктен, сунуштардан баш тарткам.
- Акыркы учурда министрлер кызматтан кеткенден кийин алардын мыйзам бузуулары айтылып, кылмыш иши козголгону салт болуп калды. Сизде мындай кырдаал болгон эмес беле?
- Жакында депутаттардын бири бюджеттен спортчуларга жана спорт тармагына бөлүнгөн каражатты уурдагандарды “келемиштер” деп атады. Өзүңүздөр билгендей, мен министр катары калктын аярлуу катмарын коргоо, социалдык абалын жакшыртуу ишин аркалаган мекемеде иштегем. Аларга бөлүнгөн акчаны уурдоо такыр эле намысы жок же ачкадан өлгөнү калган адамдын гана колунан келет. Мен өзүмдү андай адамдардын катарына кошпойм.