"КСДПнын башка партиялар менен биригүүсүнө зарылчылык деле жок" деди президент

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 27-декабрда өтүп жаткан 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди. "Кийинки жылкы парламенттик шайлоого карата айрым партиялар биригүүнү баштады. КСДП шайлоонун алдында кайсы бир партиялар менен биригиши керек деп ойлойсузбу?" деген суроого президент: "Парламенттик шайлоонун алдында КСДП башка партия менен биригеби же жокпу, партия өзү чечет. Анын 20 жылдан ашуун тарыхы бар. Өз жолу менен кеткени эле туура. Бирок күчтүү жана таза башка партия биригүүнү сураса, карап көрүп, кабыл алса деле туура болот. Ошентсе да, менимче, КСДПнын башка партиялар менен биригүүсүнө зарылчылык деле жок",- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан