Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаңы жылдын босогосун аттап жатып, өткөн жылда аткарган иштерибизге көз чаптырабыз. Урматтуу президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталды. Бул жыл орчундуу окуяларга, тарыхый чечимдерге бай болду. Кыргызстанды өнүктүрүү максатын көздөгөн ири улуттук долбоорлор ишке аша баштады. Мамлекеттик тилди, элибиздин руханий улуу мурастарын сактоого, байытууга жана аларды даӊазалоого арналган алгылыктуу иштер жасалды.
Кыргызстанда Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп, улуттук баалуулуктарыбызга ааламдын көңүлү бурулду. Боордош көчмөн элдер менен тарыхыбыз, маданиятыбыз тектеш экенин ырастап, дүйнө жүзүнө жар салдык. Дин чөйрөсүнө мамлекет тарабынан олуттуу көӊүл бурулуп, мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы бекитилди. Өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо максатында Аскер доктринасы кабыл алынып, заманбап кыргыз армиясын түзүү иши башталды. Ачык коомду, таза бийликти түптөө вазийпасын улантып жатабыз. Мамлекетте коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Эртеби-кечпи, элдин энчисин уурдагандар адилеттүү жазадан кутула албай турган систем түптөлүп жатат.
“Кумтөр” долбоору боюнча талаш-тартыш эл астында ачык талкууланып, Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алды. Өкмөткө конкреттүү тапшырмалар берилди. Жакын арада Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген чечимди кабыл алып, узак жылдардан бери чечилбей келген көйгөй маселеге чекит коёбуз. Жаңы жылды утурлай Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу жөнүндө чечим кабыл алынды. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу биздин мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен ишке ашты. Эл аралык аренадагы Кыргызстандын аброю кыйла бекемделди.
Калкыбыздын көйгөйлүү маселелери Жогорку Кеңеште ачык-айкын көтөрүлүүдө. Оппозиция болобу, бийликтеги саясий күч болобу, баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилип, Кыргызстандын булуӊ-бурчундагы шайлоочуларыбыздын суроо-талабы, мүдөөсү парламенттин бийик трибунасынан айтылууда. Кандай гана мыйзамдар, чечимдер болбосун жарандардын ой-пикири, суроо-талабы эске алынуу менен кабыл алынууда. Урматтуу мекендештер!
2015-жылы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор уланат. Кудай буйруса, мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугу жана көз карандысыздыгы камсыз болот. Келерки жылы калкыбыздын аярлуу катмарына, карыларыбызга, балдарыбызга мамлекет өзгөчө көңүл буруп, социалдык чөйрөдө бир катар жакшы саамалыктар аткарылат. Эмдиги жылы өлкөбүздө негизги саясий окуя катары парламенттик шайлоолордун болушу күтүлүүдө. Аны таза жана ачык-айкын өткөрүү максатында шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу чаралары жүрүп жатат.
Биз таза жана адилет шайлоону өткөрүү үчүн убада бергенбиз. Эл – бийликтин булагы, анын добушун уурдатпай, Кудай буюрса, эл шайлаган гана саясий күчтөр бийликке келерин камсыз кылабыз. Бул коомдун тазаланышына, мамлекетте тынчтыктын жана туруктуулуктун сакталышына кепил болот. Сиздер менен чогуу, кийинки шайлоонун натыйжасы аркылуу күчтүү парламентти түзөбүз.
Урматтуу мекендештер, жаңы жыл мамлекетибиз үчүн ынтымактын жана өнүгүүнүн жылы болсун!
Жараткан ар бирибизди асыл ой-максаттарыбызга, аруу тилектерибизге жеткирсин!
Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, жарык маанай, ийгилик каалайм. Жаңы жылыңыздар менен!"