КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы аккаунтуна кире албай калганын билдирди. Бул тууралуу маалымат КСДПнын Орусиядагы өкүлү Темирлан Султанбековдун баракчасына жазылды.
"Менин Фейсбуктагы аккаунтумду башка бирөөлөр бузуп киришти. Буга чейин уюлдук телефондорумду ИИМдин тергөөчүлөрү тартып алышканын жазган элем. Укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер бир гана оозду жабуу максатында жасалып жатканын түшүнүп турам. Мындай иш-чаралар бийликтин оппозициядан коркорун гана далилдейт", - деп жазган Кундуз Жолдубаева.
Жолдубаева телефондору жок калгандан кийин коомчулук жана журналисттер менен байланышты Фейсбуктагы аккаунту аркылуу жүргүзүп жаткан.
Буга чейин Кундуз Жолдубаева бир канча жолу сурак берүүгө кирип чыккан.