Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн алыс эмес жерден Калашников автоматы октору менен табылды. Куралды шаар тургуну Бишкек ШИИББине алып келген.
"9-августта С.С. аттуу жаран Кой-Ташка жоготуп алган дронун издөө үчүн барган. Ал дронду Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 100-150 метр алыс жерден издеп жүргөндө АК-47 куралын 26 патрону менен 2 даана аскердик каска жана белге тагылчу шайман таап алган. Ал өз эрки менен табылган каражаттарды башкармалыкка алып келген.
Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин маалымат журналына катталып, тергөө кызматына жөнөтүлдү", - дейт басма сөз кызматынан.