Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө чакыртылган. Ал 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алганы маалымдалган. Бүгүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйынында Сегизбаевдин эч кандай жаракат албаганын жана ал качып бара жатканда жыгылып түшкөнүн билдирди.