+78. Кайрадан Соль-Илецктен келгендер басымдуулук кылат. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216га жетти

Өлкөдө өткөн суткада 78 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Алар:

Бишкек шаары – 3 (+3 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден);
Чүй облусу – 3 (+43 Соль-Илецк шаарынан келгендерден);
Нарын облусу – 14;
Ош шаары – 5;
Ош облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 1.

Ошентип жергиликтүү калктын ичинен 27 адамдан илдет аныкталса, ал эми сырттан келгендердин ичинен 51 кишиден вирус бар экендигин тесттин жыйынтыгы көрсөттү.

Муну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1 миң 216га жетти.

7-май күнү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 541 Кыргыз жараны кайтып келген. 10-майда кайтып келгендердин арасынан 55 адамдан коронавирус аныкталган. Кийин 14-май күнү дагы эки жарандан вирус жуктуруп алгандыгы тесттин жыйынтыгынан билинген.

15-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан 156 Кыргыз жараны учуп келген. 17-май күнү бул каттамда учуп келгендердин ичинен 10 адамдан коронавирус аныкталган. Алар Санкт-Петербургдагы аскердик окуу жайында билим алган курсанттар экени айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
nazarnew
2020-05-18 10:09:27
Бул вирус жок нерсе, өкмөткө миллиард наалат, Кыргызстанда бизнес кылабыз деп апыртып жатышат жок вирусту, башка өлкөдө болсо дагы, биздикилер башка оору менен ооруп атышат, даже медиктер айтып жатышат.
-2
Usow
2020-05-18 10:12:28
Соль Илецтен негизи канча келген откондо эле 55 чыкты элего, бугун дагы 47 деп атат
+3
Krai
2020-05-18 10:23:14
Usow,соль илецкиден баш аягы 541 мекендештерибиз келишкен экен
+3
bond02
2020-05-18 10:29:16
Болду э алып келбегиле сырттан, ошол жакта эптеп жашап турушсун. Ушул жагын сакайтып алалы, кобойуп кеткиче.
+9
erlanspb
2020-05-18 10:56:10
Nuret94
2020-05-18 10:59:38
bond02, неге алып келбейт, алар чет жерде же иши жок же тамагы жок, ачка отура бериши керекби, алар чет жерде кыргыз кыргызга куйбосо башка эч ким күйбөйт, кыргыз кыргызга ушундай, кыйынчылык учурда керек болот, досундун ким экенин башына кыйынчылык келгенде билесиң дейт го, ошол сыяктуу.
+4
nurhan2702
2020-05-18 16:15:30
Nuret94,анан Кыргызстанга вирус ташыганы жакшыбы?
0
Alixan-Nookat.2015
2020-05-18 10:42:06
Алып келбей эле койгула чет жердегилерди.
+5
erlanspb
2020-05-18 10:54:33
Alixan-Nookat.2015,кантип алып келбейт емне мынча ичин тар мисал ошол келгендердин арасында атан же апан болсо же тууганын ептеп келгиси келсе мекенине атана же апана ошентип айтат белен ептеп жатып тургула деп
0
guli-1980
2020-05-18 17:20:37
erlanspb,келгенден кийин обсервацияга жатпайбыз деп тополон кылып жатышпайбы
+6
Usow
2020-05-18 10:46:05
Карочи четтен киргендер оло боктоп жатат, токтотуу керек
+6
erlanspb
2020-05-18 10:47:23
Жок еле вирусту бар кылып чыгарып атасынарго ептеп чекеден келбегиле деп елди алдап жатасынар вирус бар болсо емне учун бул жакта еч нерсе болбой еле жашады гранитцада
-2
nurhan2702
2020-05-18 16:16:58
erlanspb,чындап эле тан калычтуу, вирус бар болсо Илецкийде жатканда ооруп кыйналмак да. Бул жерде политика бар
+1
MAN-CITY
2020-05-18 11:23:44
Вирус жок
-1
urmat94
2020-05-18 11:45:18
Соль Илецкте 2 айдай жатканда оорубай бул жака келгенде ооруп калыштыбы ошондо
+9
titanik32
2020-05-18 12:29:15
Эмне үчүн Россияда аэропортто,Соль-Илецкиде же башка талаада, Россияда жүргөндө оорубайт да,Кыргызстанга келгенде ооруп жатышат.Кечээ Москвадан келгендерди да эч жакка кетирбей карантин кылгыла.
+8
Arstan18.18
2020-05-18 12:40:53
Кызыксынарго неге ооруубайт деп?! Ал вирус организмге тушкондо ооруутпайт жашай бересин кадимкидей анан 15 кун откондо адамды жыгытып женип чыгат. Же текшергенде гана организмде бар экени билинбесе! Туберкулёз палочкасыда ошондой сенин организмге тушсо журобересин анан бир кун оорууйсун! Вирус бар нерсе биздин олкононун бийлигине наалайт дейсинер америка Германиянын врачтарын коруп атасынарго кантип иштеп жатканын!
+6
nemo2016
2020-05-19 03:36:08
Ар Бир кыргыз мекенине кайтканы акысы бар тата мата дегенинерди токтоткула вирусы болсо чогуу женебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан