ЭЛДИК КАБАР: Ошто өкмөт башчынын келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышты

Бүгүн, 7-майда Ош шаарында өкмөт башчы Темир Сариевдин келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгонун айткан окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, алар күндүн ысыктыгынан улам эс-учтарын жоготуп коюшкан. "Алгач аксакал ардагер эс-учун жоготуп, ага жардам көрсөтүлүп, өзүнө келип калган. Андан кийин да өкмөт башчынын келишин күтүп, тизилип турган кыздардын бири кулап, ага да дароо медициналык жардам берилди",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
A3A
2015-05-07 17:08:04
Келсе келбейби акча бере тургансып каадаланбай!
+14
chet-kyzyl
2015-05-07 17:27:55
келсе эмнени чечет биилбейм.
+6
kama_future_millioner
2015-05-07 18:02:54
Ушу чоңдор күттүргөндү жакшы көрөсүңөрда же келгенден кийин бир нерсе чечпейсиңер
+4
Eldos-kg
2015-05-07 18:50:55
мынча бири биринерди жамандайсынар ал жерде эчтемке болгон жок мен катыштым го. Буту тайып куласа деле эси ооду деп чыгара берет экен да эми. Министрге баракелде биринчи ишин оштон баштады!
-10
Asus77
2015-05-07 19:00:26
Ээээ булар деген ак уйдо иштейт да. Буларды кутпосон капа болуп калышат.
Келинди келгенде эмес,келирге сына, -дейтко. Королучу мунусу эмне иш кылат экен.
+7
Lapushka15
2015-05-07 19:54:44
Карапайым элди куттугону аз келгенсип,ооздун жели менен соз берип кетти да кыйратам мен деп
+2
kyrgyz11
2015-05-07 20:08:07
Ал окуучу кыз атасы менен келген. эсин жоготуп кайра эсине келип, атасы менен үйүнө кеткен. кошунам болот. жанында турдум мен да. бирок аксакал жыгылганы жаман болуптур. байкуш карыды да.
0
Meerima.Majitova
2015-05-07 20:41:05
Алар чоюлуп келгенче
берки кутуп атканда адамдар суусап болбой калды да
кутуп тура берип ысыка чыдабай анан кулап тушушту да
+2
temirov76
2015-05-07 21:23:54
Кыргыз качан эле айтылган убакытта келип журчу элек.
+1
baku24
2015-05-08 00:15:07
temirov76, ошо да мисалы мен да куттуруп кечигип журо берем канча аракет кылсам да. Корсо каныбызда бар экен да
+1
jamilya03
2015-05-07 22:03:30
Белгиленген саатта гелбесе таркап кетиш керек бул пайдасыздарды кутпой ошондо гана саатында гелишти уйронушот болчу гелгенде эмнени чечишет эле алдап салдап кетишет да
+2
asad9
2015-05-07 23:02:25
Антпей эле акча берчудой болуп тан атпай барып алышкан да. же деп акча таратып журуп конуп калышкан да.
-1
OTYPBARATYPELEEE
2015-05-07 23:26:10
Ушул эски союздан калган салтты жоюш керек. Чондор келгенде окуучуларды тостурбай эле келип кетишсе кысыр калышса да)). Ошол зарыгып куткон окуучуларга маани да бербей кетишет, жон гана убаракерчилик)))
+2
upol92
2015-05-08 02:18:47
Жыгылгыча кечиксе. Бей куноо элдер Эле ушу акылсыз чондордун азабын тартат. Аман бол Кыргызстаным?!!! Ар дайым тынч бол!!!!
0
asad345
2015-05-08 08:44:27
ЭЭ Урматтуу туугандар эми силер эмес, ошол темир сариев кутсун силерди
0
peri-jan
2015-05-08 15:02:02
Ушунун эмнеси жанылык, эч тушуно албадым
0
Shai
2015-05-08 15:33:26
peri-jan, Ээ карындашым бул жерде, окуучу кызды мектептен алып барган катышпасан окуудан айдаймын деп. Ал эми аксакалды дежурный чалдар болсо керек да. Азыркы чондордун чогулушуна жолугушуусуна окумоттун аамдарынан башка карапайым калк эч качан барбайт. Себеби ишенбейт бирине да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан