Кечээ Бишкектин
Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде согушчандар менен атышуу болгон. Ал жерде учурда УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле атышуу болгон жайда согушчандар баш калкалаган үйдөн сырткары ага жакын турган 4 шаар тургунунун үйү толугу менен күйүп кеткен. Үйлөрдүн дубалынан башка эч нерсеси калган эмес. Эске салсак, атышуу 16-июлда саат 18:30дарда башталып, 20:20 чамасында токтотулду. Андан 4 жоокер жаракат алды. УКМК жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 5 согушкер өлтүрүлүп, 4 согушкер кармалды.