Бишкекте террористтерди кармоо учурунда өрттөнүп кеткен үйлөр мамлекет тарабынан салынып берилет

Кечээ террористтерди кармоо операциясы учурунда беш үй өрттөндү. Алардын бири террористтер баш калкалаган үй болсо, төртөө ага жакын турган шаар тургундарыныкы. Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов үйлөр мамлекет тарабынан салынып берилерин убадалады. Муну SUPER.KG порталына күйгөн үйлөрдүн биринин ээси Раиса Василенко билдирди. 
"Бүгүн Бишкек мэри келип, үйлөр салынып бериле турганын айтып кетти. Азырынча биз ар бир үй-бүлөгө бирден чатыр сурап жатабыз. Үй салып беришкенче эптеп жашап турушубуз керек да, жолдошум экөөбүздүн колубузда 2 жаштагы балабыз бар. Анын үстүнө мен 2 айдан кийин көз жарам, ал наристем менен ушундай абалда кантип жашайм деп кыжалат болуп жатам. Үйдүн ичиндеги бардык буюмдарыбыз күйүп кеткенин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Ошон үчүн буюмдарыбызды кайра сатып алуу үчүн да мамлекет кошумча акча бериши керек",- деди үй ээси. 

Бишкектеги согушчандар менен атышуу болгон жерде 5 үй кыйраган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
hairullo
2015-07-17 12:53:44
Толоп берсин. Мамлекеттик жоопкерчилик деген болуш керек.
+3
FIRDAUS
2015-07-17 13:30:05
торт боевик келип ушунча тополон кылып жиберди 10 боевик келсе кыйналып калабыз го Россия га чалбайт беленер.
+2
nelya88
2015-07-17 14:38:18
Иий,эми окшошту...'террористтер'эле десенер туура болот го,кайдагы 'согушчан','согушкер'деп коп адам тушунбой жатышат окшойт.
+2
Mongol1155
2015-07-17 15:33:12
5 террористке 5 уй талкаланыптыр.Алар мындан да коп болсо, канча уй талкаланмак?
+1
kursantvs
2015-07-17 18:32:42
автаматтын унун укканынарда кирерге тешик таппай каласынар. Аларды кармабаганда Айт намазда эмне болмок кудай озу билет
0
KGstan81
2015-07-17 20:06:31
Ошто туугандардын уйунун пластиковый айнектерине ч-н салып беришти эми булардыкыны салышсын бул мамлекеттин милдети
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан