25-октябрдан 26-октябрга караган түнү "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Маалым болгондой, саат 23:30 чамасында "103" телефон номерине 20-23 жаштагы Керимкулова аттуу кош бойлуу айымдын ичи ооруп жатканы тууралуу чалуу түшкөн. "Берилген дарек боюнча турак жайга дарыгер Азамат Атакозуев жана фельдшер Карыпбаев барышып, медициналык жардам көрсөтүп башташкан. Бул учурда "айымдын жолдошумун" деп өзүн тааныштырган адам дарыгерлерге тоскоолдук кылган. Андан соң ал досу менен биргеликте дарыгерлерди ур-токмокко алган.
Милиция кызматкерлери келишип, бирөөсүн кармаганга үлгүрүштү. Экинчиси качып кетти. Азыркы тапта дарыгер Азамат Атакозуев Улуттук хирургия борборунда дарыланууда. Ал гематома, мээнин чайкалуусуна жана ички органдарынын жабырланышына дуушар болгон. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө",- дешти "Тез жардам" кызматынан.