Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, бишкектик "Дордой" футболдук клубунун оюнчусу Дэвид Тетте үйлөндү. Анын үйлөнгөнү тууралуу маалыматты клубдан тастыкташты.
Кошумчалай кетсек, Дэвид Тетте алгач легионер катары кыргыз жерине келип, "Дордой" футболдук клубунда ойногон. Кийин ал өлкөбүздүн жарандыгын алып, улуттук курамга алынган. Өзүнүн улуттук курам үчүн мыкты оюнун ал 2013-жылы Азия Футбол конфедерациясынын "Чакырык Кубогунда" көрсөткөн. Анда улуттук курам Пакистан, Макао жана Тажикстан курамаларына каршы оюндарды 1:0 эсебинде уткан. Бардык голдорду Дэвид өз эсебине жаза алган.