Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 12-январда Карганбек Самаков, Игорь Чудинов, Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин иши боюнча сот отуруму өтүүдө.
Айта кетсек, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныбек Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Өкмөттүн "КРнын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.