Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кыздуу болду. Маалыматты бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына депутаттын жакындары тастыкташты. Ымыркай 27-январда Бишкек шаарында жарыкка келген, абалы жакшы. Азырынча ысым коюла электиги айтылды.
Белгилей кетсек, жаңы төрөлгөн ымыркай Өмүрбек Бабановдун төртүнчү баласы.