Бүгүн, 10-мартта кыргыз жараны Марат Исаевди жана Артём Королюкту Владимир Путин Екатерина залында "Адам өмүрүн сактаганы үчүн" медалы менен сыйлады. Бул тууралуу "ВЕСТИ.РУ" басылмасы жазып чыкты.
"Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путинге ыраазычылыгымды билдирем. Биздин аракетибизди баалаганыңар үчүн рахмат! Элге, баарыңарга рахмат!"- деди Исаев.
Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин Москва шаарында 11-февралда метронун рельсине кулаган аялды куткарып калган Марат Исаевди жана Артём Королюкту сыйлоо боюнча буйрук чыгарган.