Мээрбек Мискенбаев Темир Сариевге "7-Апрель окуясынын катышуучуларын даңазалоочу иш-чаралар болуш керек" дейт

Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн 14-марттагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев премьер-министр Темир Сариевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга болгон көз карашына кызыкты. Өкмөт башчы "7-апрелде мен алдыда турган адамдардын бири болгом" деп кыскача жооп берди.

Андан соң М.Мискенбаев "акыркы 4 жыл ичинде өкмөт кылган иштер элди нааразы кылып жатат" деп жеке пикирин билдирди. "Электр энергиясынын баасы, автоунааны камсыздандыруу, авиабилеттерди 5 долларга кымбаттатуу элде нааразычылык жаратты. Казиного уруксат берүү демилгеңер менен уят эле болдуңар. "Мегакомду" сатканы жатасыңар. Ушундай иштериңер менен Апрель окуясынын баалуулуктарын жокко чыгарып жатасыңар",- деп сындады депутат.

Темир Сариев буга макул болгон жок. "Биз Апрель окуясынын баалуулуктарын көтөрүп жатабыз. Өлкөбүзгө ачыктык келди, ишмердүүлүк келди. Бизде чектүү ресурстар болсо да, экономикалык абалыбыз туруктуу. Мугалимдердин айлыктары көтөрүлдү, салыктар кыскартылды, ишкерлерге жардам көрсөтүлүп жатат. Элди кыдырып жатам, элдин сөзүн угуп жатам. Ооба, кемчиликтер бар, анын үстүнөн иштеп жатабыз",- деп Мискенбаевдин сынына жооп берди өкмөт башчы.

Мындан тышкары депутат 7-апрелге чейин 20 күнгө жакын мөөнөт калганын эскертип, Апрель окуясына катышкан адамдарды даңазалоо боюнча иш-чараларды өкмөт даярдабай жатканы үчүн сынга алды.

Т.Сариев мындай сынга быйыл өткөрүлүүчү иш-чараларды атап жооп берди. "2016-жылы, тиешелүү планга ылайык, акын жана ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленет. Ошондой эле быйыл "Ата-Бейитте" 7-Апрель окуясында курман болгондор эскерилет",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан