Ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн жарандардын биринен 6000 сом алып жаткан жеринен Ош облустук аймактык ооруканасынын дарыгери И.К. кармалды. ИИМдин билдиришинче, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, акча талап кылып жаткан дарыгерге чара көрүүнү өтүнгөн. Дарыгер аталган жарандан 12 000 сом сураган, акчанын жарымын алып жаткан учурда Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Факт боюнча кылмыш иши ачылды, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.