Президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

Бүгүн, 4-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жарлыктын тексти:

"Өткөн мезгил көрсөткөндөй, 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революция кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргыз Республикасынын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу болгон. Бул үч окуя эркиндик менен адилеттүүлүк кыргыз элинин канына да, жанына да эзелтен сиңип калганын бүтүн дүйнөгө далилдеген.

Элибиздин бул татаал, каарман жолу 2002-жылдын 17-мартында Аксыда башталган. Дал ошол күнү карапайым калкыбыз өлкөнү тоногон, элибизди маңкурт, кул катары көргөн Акаевдин үй-бүлөлүк режимине каршы көтөрүлгөн, бирок бийлик өз элине каршы курал колдонуп, өз жарандарын өлтүрүп, өзүн сактап калган.

Үч жыл өткөн соң, 2005-жылдын 24-мартында элибиз экинчи ирет өлкөнү талап-тоноп жаткан бийликке каршы көтөрүлүп, бул сапар жеңишке жеткен. Көп узабай элдин жеңишин дагы бир үй-бүлөлүк режим – Бакиевдердин режими уурдап алган.

Өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна салууга, коррупцияга каршы чындап күрөшүп, мекенибизди кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгарууга, демократиялык шайлоо өткөрүп, парламенттик системдин пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берген жол 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин гана ачылган. Бул сапар элибиз үй-бүлөлүк, кландык системди биротоло талкалаган, бирок жеңиш өтө кымбатка турган. Жүзгө жакын жараныбыз курман болуп, миңден ашык адам жаракат алган.

Кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүнө мамлекеттик макам бекитүү жана бул татаал жолдо курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 65-беренелерине ылайык токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- 17-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “Аксы окуяларынын күнү” деп жарыялоо;

- 24-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыялоо.

  1. Эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жылына белгиленүүчү “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү” Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын.
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы №98 “24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан