Темир Сариевдин басма сөз катчысы: "Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок"

"Жакын арада өкмөт отставкага кетет" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде SUPER.KG порталына премьер-министр Темир Сариевдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов билдирди.
Анын айтымында, премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү кадимкидей эле иштеп жатышат. "Бул аптада өкмөттүн Жогорку Кеңеште отчёт берүүсү пландалган эмес. Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок",- деди Асанов.
Айта кетсек, бүгүн жергиликтүү басылмалардын бири өкмөттөгү өздүк булагына таянып "жакын арада өкмөт отставкага кетет" деп жазып чыкты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан