Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель окуясынын 6 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өттү. Анын жүрүшүндө журналисттер 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында курман болгондордун туугандары менен маектешип жатышты.
SUPER.KG порталы "Апрель окуясында каза тапкан Дүйшөнбек Чалбаевдин экинчи аялымын" деп өзүн тааныштырган Акылай аттуу аял менен маек курду. Ал өкмөт тарабынан батир берилбей жатканына нааразы экенин билдирди. "Курман болгон Дүйшөнбектин артында 4 баласы калды. Ал жашаган батирде азыр анын туугандары турушат. Алар "Мекен шейиттеринин" аты менен жамынып батирди ээлеп алышкан",- деп арызданды Акылай.
Ушул учурда "маркум Дүйшөнбек Чалбаевдин жалгыз тууганымын" деп өзүн тааныштырган Гүлүмжан аттуу аял келип: "Бул аял Дүйшөнбек менен жөн эле чогуу жашаган "сожительницасы" болгон. 6 жыл ичинде арбагын сыйлап да койгон жок. Батирди талашып эле жүрөт. Дүйшөнбек биринчи аялы менен ажырашып кеткен. Биринчи аялынан 3 баласы бар",- деди.
Андан соң Акылай экөө кайым айтыша башташты.
Акылай: - Калыс сүйлөп жүрсөң!
Гүлүмжан: - Калыс сүйлөбөй эмнени сүйлөп жатам?
Акылай: - Дүйшөндүн арбагы уруп кетсин сени!
Гүлүмжан: - Сен эмнеге антип сүйлөп жатасың?! Уят деген болуш керек...