Улутчул диктатор Адольф Гитлердин чөгөлөп турган эстелиги Нью-Йоркто 8-май күнкү аукционго коюлуп, 17 миллион 200 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Аны италиялык скульптор Маурицио Каттелана жасаган. Бул сумма анын эмгектерине төлөнгөн эң кымбат акча болуп саналат. Алгач аукциондо Гитлердин аталган эстелиги 10-15 миллион долларга бааланып жаткан, бирок күтүүсүздөн белгисиз бирөө скульптордун эмгегин 17 миллион 200 миң долларга сатып алды.
Заманбап скульптура эрежелери менен жасалып, жандуу кишидей элес берилген эстеликте Гитлердин сыйынуу учурунда чөгөлөп турган кези чагылдырылган. Маалыматта аталган эмгек 2001-жылы эле жасалгандыгы айтылат.