Белгилүү жазуучу, драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Талип Ибраимов 25-май күнү дүйнө салды. Ал 76 жашта болчу. Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору кызматын аркалаган Талип Ибраимов узакка созулган оорудан улам көз жумду.
Т.Ибраимов 1940-жылы Кыргыз ССРинин Калинин районунун Сары-Булак айылында туулган.
1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, 1974-1976-жылдары Москвадагы режиссёр жана сценаристтердин жогорку курсун бүтүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин отуз жылдан ашуун Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында редакторлук, башкы редакторлук кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келди.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Талип Ибраимовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.