"Реал" (Испания) - "Атлетико" (Испания) - 1:1
Голдор: Серхио Рамос 15 (1:0). Феррейра-Карраско, 79 (1:1). Пенальтилер сериясы - 5:3.
29-майга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы орун алды. Италиянын Милан шаарында өткөн беттеш 120 мүнөткө созулду. Анда мадриддик клубдар "Реал" менен "Атлетико" кез келишти. Жыйынтыгында негизги убакытта (90 мүнөттө) 1:1 эсеби катталды. Алгачкы таймда "Реалдын" курамынан Серхио Рамос айырмаланып, эсепти ачты. 2-таймда "Атлетиконун" чабуулчусу Антуан Гризманн пенальтини голго айланта алган жок, бирок "Атлетико" оюн акырына чейин эсепти теңегенге жетишти. Голду Феррейра-Карраско киргизди.
Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында 30 мүнөттүк кошумча убакыт берилди. Анда командалар гол жарата албагандыктан, пенальтилер сериясы орун алды. 11 метрлик соккуларда "Реалдын" оюнчулары таамай болуп чыгып, жеңишке жетишти. "Атлетиконун" курамынан Хуанфран пенальтиде жаза басып, топту дарбазанын торуна жеткире алган жок.
Жыйынтыгында мадриддик "Реал" өз тарыхында 11-ирет Чемпиондор Лигасын утуп, жаңы рекорд жаратты. Бир дагы клуб Европанын эң беделдүү лигасы деп саналган Чемпиондор Лигасын 11 жолу утуп көргөн эмес.
Быйыл гана "Реалга" машыктыруучулук кызматка шайланган Зинедин Зидан алгачкы кубогуна ээ болду. Зизу үчүн бул жетишкендик экенин баса белгилей кетпесек болбос.
Ал эми чейрек финалда испаниялык "Барселонаны", жарым финалда германиялык "Баварияны" мелдештен четтеткен "Атлетико" татыктуу оюн көрсөттү. Албетте, финалда кайсы бир команданын жеңилүүсү футбол оюнунун шарты экени унутта калбоосу шарт.