Бишкек шаарында 85 жаштагы карыя "аялын өлтүрүп, жиликтеп, дене мүчөлөрүн короонун ар кайсы жерине көмүп койгон" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү милиция бөлүмүнө Кызыл-Аскер аймагындагы турак жайлардын биринде ызы-чуу болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында үйдөгү жыгач челектин ичинен адамдын колу менен бутунун бөлүктөрүн табышкан.
Аталган факт боюнча кылмыш ишине шектелип 1931-жылы туулган 85 жаштагы үй ээси кармалган. Далил катары кылмышка шектелип кармалган жарандын канга боёлгон кийимдери табылып, эшигинин кире бериш жери кан болгону аныкталган.
"Укук коргоо кызматкерлери каза болгон аялдын башы менен тулку боюн бир канча убакыттан кийин табышкан. Натыйжада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын дене мүчөлөрү толугу менен табылган. Өлтүрүлгөн адам шектүүнүн аялы болуп чыккан", - деп кошумчалашты өздүк булактар.
Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.