Евро-2016: Швейцария курамасы Албанияны утуп алды, калыс Албаниянын капитанын майдандан четтетти (фоторепортаж)
Франциядагы Европа чемпиондугунун 1-турунда "А" тайпасында кезектеги беттеш орун алды. Анда Ланс шаарында Швейцария курамасы Албания менен беттешип, 1:0 эсебинде утту.
Оюндагы жалгыз голду 5-мүнөттө Фабиан Шёр киргизди. Ал бурчтан чыгарылып берилген топту дарбазага таамай багыттады. Дарбазачы бул эпизоддо ката кетирип, топко биринчи чыгууда ийгиликтүү боло алган жок.
37-мүнөттө албаниялыктардын капитаны Лорик Цана майдандан четтетилди.
"А" тайпасында азырынча фаворит катары эсептелинген Франция жана Швейцария курамалары 3төн упайга ээ болуп, тайпада алдынкы эки орунду ээлеп турушат.