Франциянын Бордо шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычында Уэльс жана Словакия курамалары беттешти. "В" тайпасында жайгашкан командалардын беттеши 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Уэльс курамасы жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болду.
Оюндун 11-мүнөтүндө Уэльстин лидери Гарет Бэйл айып соккусун дарбазага таамай багыттап, командасын эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. Словакиялыктар 61-мүнөттө эсепти теңегенге жетишти. Ондрей Дуда таамай болуп чыкты, бирок бул эсеп көпкө сакталган жок. 81-мүнөттө Хал Робсон-Кану гол жаратып, Уэльсти кайрадан алдыга чыгарды. Андан ары көрүлгөн аракеттер текке кетип, эсеп өзгөргөн жок.
Жыйынтыгында Уэльс 3 упайга ээ болду. Бул команданын Европа чемпиондуктарынын тарыхындагы алгачкы упайы болду.