12-июнга караган түнү Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунда тайпалык баскычта
Англия-Орусия беттеши орун алды. "В" тайпасындагы бул эки команданын оюну 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Беттеш Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда орун алды. Орус футболчулары 1-таймда көбүнчө коргонууда ойношту. Англия курамасы демилгени колго алып, арты-артынан чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатышты, бирок атаандаштын коргонуусун жарып өтүп, гол жаратуу ишке ашкан жок. Дарбазачы Игорь Акинфеевдин бир катар эпизоддордо ишенимдүү ойноп, дарбазаны көп жолу голдон сактап калганын баса белгилей кетели.
72-мүнөттө айып соккусунда гол алып келген Эрик Дайер Англия курамасын эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. Бул артыкчылыкты англиялыктар оюн аягына чейин сактап кала алышкан жок. Оюндун негизги убактысына 2 мүнөт кошулганда орусиялыктар эсепти теңешти. Команда капитаны Василий Березуцкий айырмаланды.
Жыйынтыгында эки команда бирден упайга ээ болушту. "В" тайпасында Словакияны утуп (2:1 эсебинде), 3 упайга ээ болгон Уэльс курамасы 1-орунду ээлеп турат.