Польша-Түндүк Ирландия - 1:0
Гол: Аркадиуш Милик (51-мүнөттө)
Футбол боюнча Польша курамасы Европа чемпиондуктарынын тарыхында алгачкы жеңишине жетишти. "Евро-2016`нын" 1-тур оюндарынын алкагында польшалык футболчулар "С" тайпасында Түндүк Ирландия менен кез келип, утуп алышты (1:0). Беттеш Ницца шаарындагы "Альянц Ривьера" стадионунда орун алды.
Оюндагы жалгыз голду 51-мүнөттө Аркадиуш Милик киргизди. Анын дарбазаны "алуусуна" команда лидерлеринин бири Якуб Блащиковски көмөк көрсөттү. Бул жеңиш Польшанын тарыхында Европа чемпиондугундагы алгачкы жеңиши болду.