Германия-Украина - 2:0
Гол: Шкодран Мустафи (19-мүнөттө), Бастиан Швайнштайгер (92-мүнөттө).
13-июнга караган түнү Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунун 1-турунда Германия-Украина беттеши орун алды. "С" тайпасындагы беттеште 2:0 эсеби катталып, Дүйнө чемпиону жеңишке жетишти. "Немис машинасы" жыйынтыгында 3 упайга ээ болду. 2014-жылы Дүйнө чемпиондугун багынткан немис футболчулары Европаны багынтуу аракетин Украинадан башташты.
Беттеште Германия курамасы атаандашты өз коргонуусунан чыгарбай, катуу басым көрсөтүүгө аракет кылды. Украиналыктар өз кезегинде каршы чабуул уюштуруп жатышты. Албетте, немис футболчулары топту тартып алып, өз карамагында сактоодо, чабуул уюштурууда, коргонууда ойноодо, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууда атаандашынан мыкты болушту. Украиналыктар да "оңой жоо" эмес экенин далилдеп, Мануэль Нойердин дарбазасына кооптуу соккуларды багыттап жатышты.
Бул тайпада кийинки оюндар 16-июнга пландалган. Анда Германия курамасы Польша менен, Украина курамасы Түндүк Ирландия менен беттешет.