Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунда бүгүн тайпалык баскычтын 1-туру жыйынтыкталат. Учурда "F" тайпасынын өкүлдөрү оюн өткөрүшүүдө. Венгрия курамасы Австрия менен беттешип, 2:0 эсебинде утуп алды.
Бордо шаарында өткөн беттешти эки команда тең ылдамдыкта башташты. Маал-маалы менен командалар чабуулга чабуул менен жооп кайтарып жатышты. 1-тайм 0:0 эсебинде аяктады. 2-таймда окуя австриялыктар күтпөгөн нукка бурулду.
Тактап айтканда, алгач Венгрия эсепти ачып, алдыга чыкты. 62-мүнөттө Адам Салаи айырмаланды. Жооп кайтаруу аракетин көрүп жаткан Австриянын иши жүрүшпөй жатты. 4 мүнөт өтпөй Александар Драгович атаандашына карата орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилди.
Бул көрүнүштөр беттештеги чечүүчү ролду ойноду. Андан кийин 10 футболчунун аракети гол алып келе алган жок. Оюн аягында Золтан Штибер дарбазачы менен бирге-бир чыгып, топко дарбазадан орун таап берди.
1964-жылдан бери Европа чемпиондугунда алгачкы жолу жеңишке жетишкен Венгрия 3 упайга ээ болду.