Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев Лондон сотунда акталып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн жазылган доо арызы канааттандырылган жок. Шон Дейли аттуу жаран Бишкекте 2006-жылы "Oxus" компаниясында иштеп жүргөндө ага ок тийип, 3 ай ооруканада жатып дарыланып чыккан. Дейлинин арызын Англия соту карап, аталган кылмышка Максим Бакиевдин катыштыгы жок, ал үчүн эч кандай далил жок деп тапты.
Белгилей кетсек, 2006-жылы Лондондо жайгашкан "Oxus" компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын соту "мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын улуу баласы Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган" деп сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилген.