Жактоочу: "Журналист Кенжебек Жумабаевдин Караколдогу баш аламандык боюнча камалышы негизсиз"

"Журналист Кенжебек Жумабаевдин Караколдогу баш аламандык боюнча камалышы негизсиз", - деди жактоочу Шарабидин Токтосунов бүгүн, 1-августтагы маалымат жыйын учурунда.

Кенжебек Жумабаев 2013-жылдын 24-октябрында да кармалган, бирок анда күбө катары суралып, кайра коё берилген. 2016-жылдын 30-июль күнү да УКМК кызматкерлери тарабынан камалып отурат. Аны камоого эч кандай негиз да, жаңы жагдайлар да жок. Бул жерде мыйзам одоно бузулуп жатат”, - деди Шарабидин Токтосунов.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен УКМКнын басма сөз кызматы “Кенжебек Жумабаев мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалды. Ал 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандык боюнча айыпталууда” деп билдирүү тараткан.

Ал эми жактоочу Шарабидин Токтосунов: “Кенжебек Жумабаев журналист катары барган. Ал Эмилбек Каптагаевди барымтага алып жаткан учурунда сүрөткө түшүп калган”, - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан