Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү шайыр актёрлордун бири Камчы Сарыбаев кечээ, 9-августта кыздуу болду. Кубанычтуу кабарын SUPER.KG порталы менен бөлүшкөн актёр учурда маңдайы жарыла кубанып турган кези.
"9-август күнү кечки саат 10до кыздуу болдум. Мурун 2 уулдуу болгондо да мынчалык кубанган эмесмин. Алгач төрөтканага барсам киргизбей коюшту. Учурда бир тасмада дарыгердин образын жаратып жаткам, ошондуктан жанымда ак халат да бар эле. Аны кийип, эч кимге байкатпай кирип кеттим. Бөлмөгө кирсем, наристемди өзүнчө алып кетишиптир, кайра алып келишип көкүрөгүмө жаткырышты. Илимдүү, билимдүү, акыл-эстүү кыздардан болсун деп алгач эле кызыма ыр окуп бердим. Азырынча ысым тандай элекпиз. Социалдык тармактардан ысым тандоо тууралуу жарыя берсекпи деп турабыз", - деп билдирди Камчы Сарыбаев.