"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасындагы алгачкы допинг чыры кыргыз спортчусу Иззат Артыковдун ысымына байланыштуу болду. Коло медаль тагынган спортчубуздун көрсөткөн жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал коло медалынан ажыратылды.
Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун заарасынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.
Эми жобо боюнча коло медаль 4-орунду ээлеген спортчуга тапшырылмакчы. 69 килограмм салмакта 4-орунду колумбиялык спортчу Луис Хавьер Москера Лозана ээлеген.
Эскерте кетсек, 10-августка караган түнү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.