"Азия Микс" командасынын оюнчусу Эрмек Кененсаров кечээ, 27-сентябрь күнү кыздуу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган команданын мурунку оюнчусу Асхат Табалдиев билдирди.
"Эрмек досумдун келинчеги кечээ саат 10дор чамасында көз жарды. Азыр эненин да, баланын да абалы жакшы. Баарынын көңүлдөрү тынч, бактылуу болуп турган чагы", - деп билдирди А.Табалдиев.
Белгилей кетсек, Эрмек Кененсаров жана сүйүктүүсү Айганыш экөө ушул жылдын 31-мартында расмий каттоого туруп, үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Эки жаштын тою Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өтүп, ага туугандары, достору, жакындары күбө болушкан.