Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароо улантылды.
Соттук кароонун алкагында прокурордун жардамчысы Жеңиш Нуралиев айыпталып жаткан келиндин күнөөсү толугу менен далилденгенин белгиледи. "Тергөө амалдарынын алкагында айыпталуучу Субанова өз күнөөсүн моюнуна алган. Анын берген көрсөтмөлөрү фактылар менен дал келген. Ал баарын болгонун болгондой айтып берген. Ал эми сотто Субанова күнөөсүн моюнуна албай, күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтты. Анын биринчи берген көрсөтмөлөрү чындыкка көбүрөөк дал келүүдө. Ал күйөөсүн өлтүргөнүндө шек жок", - деди ал. Андан соң прокурор соттон Айдай Субанованын мүлкүн конфискациялоо менен аны 18 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Сөз жабырлануучу тарапка берилип, маркумдун бир тууганы Шерлан Оркошев: "Агам 5 маал намаз окучу, ал патриот болчу. Бизнес менен алектенип, Кытайдан инвестор тартууну пландап жүргөн. Кийинчерээк саясатка аралашам деген ниети бар эле. 2011-жылы үлпөт той өткөрүшүп, 600 конок чакырышкан. Апам Айдай тууралуу жаман айтчу эмес. Айдайдын көрсөтмөлөрү дал келбей жатат, эгер анын "жомокторунда" чындык бар болсо, эмне үчүн ал милицияга кайрылган эмес? Сот бир жылдан бери уланып жатат, Айдайдын сөздөрүнө ишенип жатып ушуга келдик. Канча нерв короду?.. Ал кылганына өкүнгөн жок. Мен мындай адамдар үчүн өлкөдө өлүм жазасы жок экенине өкүнөм, себеби булар кайра эле мамлекеттин эсебинен каралат. Мен анын катуу жазаланышын суранам", - деди ал.
Айыпталуучунун жактоочусу маркум менен А.Субанова жакшы жашап келгенин, ал эми экөөнүн жашоосу жаман болгон болсо ал жөн гана ажырашып кетмектигин айтты. "Айыпталуучуга эч ким ишенген жок. Маркум спорт менен машыгып келген, ал дени сак киши болчу, анан ал өзүнө бычак менен кол салууга жол бермек беле? Ал каршылык көрсөтмөк. Ошондой эле паркетте жана жуунуучу бөлмөдө кандын издери калмак. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнү чындык. Болбосо кандайдыр бир үндөрдү кошуналары укмак болчу", - деди жактоочу.
Ал эми айыпталуучу А.Субанова өз сөзүндө: "Бизде баары жакшы болчу. Биз урушчу эмеспиз. Себеп жок болчу. Мен балдарымды мындай тагдырга туш кылбайт болчумун. Соттон адилеттүү чечим чыгарууну өтүнөм", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.