Белгилүү ырчы Нурлан Тилебаев 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү 49 жашында узакка созулган боор оорусунан улам көз жумду. Маалыматты бүгүн анын санаалаштары тастыкташты. Маркумдун сөөгү бүгүн Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылына коюларын маркумдун кесиптеши Токтобүбү Матисакова SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилей кетсек, Нурлан Тилебаевдин көптөн бери боору ооруп келген. Быйыл жайында анын операциясына акчалай жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте акция өткөн. Ырчынын "Эңсөө бийлеп...", "Унутам деп...", "Оо, жаным" жана башка ырлары элге жакшы белгилүү.
Ырчы 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген эле.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурлан Тилебаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.