Күйөөсү Бахыт Есентаев тарабынан ур-токмокко алынган казакстандык продюсер Баян Есентаева бүгүнкү соттук отурумда аны кечиргенин "Тенгриньюс" басылмасы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Баян Есентаеванын адвокаты Марат Аскарбековдун айтканы боюнча, алардын балдары атасын кечиришсе, Есентаева күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айткан. Ошондой эле Баян Есентаева соттон Бахыт Есентаевге карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны залдан бошотууну өтүнгөн.
"Баян бул маселе боюнча сарсанаа болуп, күйөөсүн кызы үчүн кечирди жана соттон эркинен ажыратпаган чечим чыгарууну өтүндү", - деген адвокат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бахыт Есентаев жубайын ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген.